Кыргызстандын Швейцариядагы Элчиси Алмазбек Бейшеналиев Женева Кантондук Кеңешинин Президенти Серж Даль Буско мырзага зыярат сапар менен барды

2021-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Элчиси Алмазбек Бейшеналиев Женева Кантондук Кеңешинин Президенти Серж Даль Буско мырзага зыярат сапар менен барды.

Даль Буско Кыргызстандын Элчисин Женева кантонундагы биринчи сапары менен куттуктап, Швейцариядагы ишмердүүлүгү жемиштүү болушун каалады, ошондой эле Кыргызстанды көрүү каалоосун билдирди. Женева Кантон Кеңешинин Президенти Кыргызстандын региондогу демократиялык жетишкендиктерин жана өлкөдөгү билим берүүнүн жогорку деңгээлин белгиледи.

Өз кезегинде А.Бейшеналиев маектешти Кыргыз Республикасындагы ички саясий абал, өлкөнүн алдында турган учурдагы көйгөйлөр менен тааныштырды, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү айтты, абанын булганышы менен күрөшүү, санариптештирүү, экономика жана туризмдин ар кандай тармактарында Кыргызстандын региондору жана шаарлары менен кызматташууну түзүүнү сунуштады. Мындан тышкары, А.Бейшеналиев Женева кантонунун жетекчилигин жана швейцариялык ишкерлерди конкреттүү багыттар боюнча байланыш түзүү максатында Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK