Кыргызстандын Австриядагы Элчиси Төленды Макеев Клагенфурт шаарына иш сапары менен барып, анда Каринтия федералдык жеринин губернатору Петер Кайзер жана Ландтагдын президенти Райнхарт Рор менен жолугушту

2021-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчиси Төленды Макеев Клагенфурт шаарына иш сапары менен барып, анда Каринтия федералдык жеринин губернатору Петер Кайзер жана Ландтагдын (Жер парламентинин) президенти Райнхарт Рор менен жолугушту.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө Элчи Каринтиянын аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик органдарынын башчыларына кыргыз-австриялык мамилелеринин негизги багыттары тууралуу маалымат берди; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо жылында өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө жана 2021-жылдын 28-ноябрында өлкөбүздөгү демократиялык процесстерди мындан ары тереңдетүү жана өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн маанилүү роль ойногон парламенттик шайлоо тууралуу айтып кетти.

Ошону менен бирге үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын аягында жана октябрдын башында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Австрияга визити өткөнү айтылды, ошондой эле Австриянын жаңы Тышкы иштер министри Михаэль Линхарттын бизнес-делегациясынын коштоосунда Кыргыз Республикасына пландаштырылган жооптуу иш сапарынын алкагында Бишкекте биринчи “Европа Биримдиги-Борбордук Азия” Экономикалык форумуна катышуусу жана расмий эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүсү Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы саясий диалогду, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жаңы дем берерин билдирди.

Каринтиянын губернатору өз кезегинде ал жетектеген Каринтия Федералдык жеринин өкмөтүнүн ишмердүүлүгүндөгү негизги приоритеттери тууралуу баяндама берди, ошондой эле эки тарапты кызыктырган конкреттүү чөйрөлөрдө практикалык кызматташтыкты түзүүгө даярдыгын билдирди.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчиси кыргыз тараптын Австриянын аймактарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүгүү тажрыйбасын жайылтууга кызыкдар экендигин белгиледи. Бул максатта эки өлкөнүн конкреттүү региондорунун ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү эң натыйжалуу курал боло алат. Жаратылыш ландшафтынын окшоштугун жана Каринтиядагы туризм тармагынын жогорку деңгээлин эске алуу менен, Ысык-Көл областы менен Каринтия федералдык жеринин ортосунда, ошондой эле Чолпон-Ата менен Клагенфурттун же Филлахтын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунуш кылынды. Мунун баары туризм, айыл чарба жаатында жашылча-жемиштерди кайра иштетүү, австриялык алдыңкы технологияларды колдонуу менен санариптештирүү жана маданий алмашуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ар кандай деңгээлдеги өз ара байланыштарды активдештирүү үчүн жагымдуу өбөлгөлөрдү түзө алмак.

Каринтиянын губернатору өзүн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын чоң күйөрманы катары көрсөттү жана мүмкүнчүлүк болсо, Каринтиянын расмий делегациясынын башында Кыргызстанга  жана Ысык-Көл облусуна барууга даярдыгын билдирди.

Жолугушуудан кийин Кыргызстандын Элчиси Ардактуу контоктор китебине жазуу киргизди.

            Каринтия Ландтагынын президенти Рейнхарт Рор Австриядагы парламентаризмдин тарыхы, Каринтия парламентинин бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди жана XVI кылымдын экинчи жарымында венециандык барокко стилинде курулган Ландхаустун тарыхый залдары менен тааныштырды.

Элчинин иш сапары резиденциясы Клагенфурт шаарында жайгашкан Каринтия федералдык жериндеги Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу болуп Кристин Муттонендин дайындалышына арналган расмий иш-чарага катышуусу менен аяктады, анда ал куттуктоо сөзүн суйлөдү.

Маалымат үчүн: Кристин Муттонен – белгилүү австриялык саясатчы, көп жылдар бою Австриянын Социал-демократиялык партиясынан Улуттук кеңештин (парламенттин төмөнкү палатасы) мүчөсү, ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын мурдагы төрайымы болгон.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK