Кыргызстандын БАЭдеги Элчиси Абдилатиф Жумабаев БАЭнын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын Башкармалыгынын Төрагасы, Абу-Даби Соода-өнөр жай Палатасынын Төрагасы Абдулах Мохамед Аль Мазруи менен жолугушту

2022-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдилатиф Жумабаев Бириккен Араб Эмираттарынын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын Башкармалыгынын Төрагасы, Абу-Даби Соода-өнөр жай Палатасынын Төрагасы Абдулах Мохамед Аль Мазруи менен жолугушту, ошондой эле жолугушууга КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Э.Батаева катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Соода-өнөр Федерациясынын ортосунда Кыргыз-Эмират Ишкерлер Кеңешин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө кол коюлган Меморандумду ишке ашыруу боюнча маселелер каралды. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин ишкерлер чөйрөлөрүнүн катышуусундагы өз ара сапарларды уюштуруу боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK