Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин Башкы катчысы Ильяс Демиржи башында турган аталган уюмдун жетекчилиги менен жолугушту

2021-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин (TDMMB) Башкы катчысы Ильяс Демиржи башында турган аталган уюмдун жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө И.Демиржи Элчи Өмүралиевге Биримдик жана анын ишмердүүлүгү, ошондой эле гидроэнергетика, курулуш, өнөр жай жана башка тармактарда долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн Кыргызстанга пландаштырылган иш сапары тууралуу маалымат берди.

Элчи Өмүралиев Кыргызстанга болгон кызыгуу үчүн ыраазычылык билдирип, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташуу түзүүгө жана Кыргызстанда жолугушууларды уюштурууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. К.Өмүралиев TDMMB мүчөлөрүнө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде чакан ГЭСтерден электр энергиясын сатып алууга мамлекеттен 15 жылдык кепилдик берилери, капитал үчүн либералдуу мыйзамдар, Европа биримдигинин Жалпы преференциялар системасы + (ЖПС+) программасы менен 6200 жана АКШнын ЖПС программасы боюнча 3200 товарды бажы алымдарысыз экспорттоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берип, ошондой эле 180 миллиондон ашуун калкы бар ЕАЭБдин базарына Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн продукцияны бажы төлөмдөрүсүз экспорттоо мүмкүнчүлүгүн  белгиледи.

TDMMB чечими менен Элчи Кубанычбек Өмүралиевге Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин Ардактуу мүчөсү наамы ыйгарылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK