Кыргызстандын Германиядагы Элчилиги Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү арасында футбол боюнча мелдешке катышты

2023-жылдын 18-февралында Берлиндеги кыргыз диаспорасынын активисттери кыргызстандык диаспорасынын өкүлдөрүнүн арасында биринчи жолу “Ынтымак” футболдук турнирин уюштурду.

Футбол боюнча мелдешке Германиядагы жана Чехиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн турган 11 команда, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлеринен турган команда катышты.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев жаштарга кайрылуусунда Германиядагы жана Европадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн ортосундагы ынтымактын мындан ары дагы бекемделишинин маанилүү экендигин белгиледи.

Футболдук мелдештин жүрүшүндө конокторго кыргыздын улуттук тамак-ашы сунушталды.

Иш-чара катышуучуларга жана конокторго бири-бири менен таанышууга жана байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк түздү, бул Германиядагы жана Чехиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн мындан аркы ынтымагына салым кошот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK