Кыргызстандын Түркиядагы Элчилиги Израильде жашаган КР жарандарына жер-жерлерде консулдук кызмат көрсөттү
2022-жылдын 8-апрелинде Израиль Мамлекетинде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги тарабынан жарандарга жер-жерлерде консулдук кызмат көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы жарандык паспортту алмаштыруу үчүн арыздарды кабыл алуу, консулдук каттоого тургузуу, биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн жарандар кабыл алынды, ошондой эле консулдук-укуктук чөйрөдө консультация берилди.