Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги Невшехир аймагынын Үчхисар муниципалитети менен биргеликте Каппадокияда Кыргыз Республикасынын туусун аба толтурулган шар менен асманга учурду

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө иш-чараларынын алкагында жана Кыргызстанды таанытуу максатында, 2021-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги Невшехир аймагынын Үчхисар муниципалитети менен биргеликте, Түркиядагы эң белгилүү туристтик аймактардын бири Каппадокияда Кыргыз Республикасынын туусун аба толтурулган шар менен асманга учуруп, андан кийин тарыхый  Үчхисар сепилине илишти. 30-август ошондой эле Түркия Республикасынын Жеңиш күнү болгондуктан Түркия Республикасынын туусу да чогуу учурулду.

Кошумча маалымат: Каппадокия аймагы жаратылыш кооздугун бийиктиктен көрүү максатында уюштурулган туристтик аба толтурулган шарлары менен белгилүү. Aл жерде жанар тоолордон чыккан лавалардан табигый жолдор менен пайда болгон кооз дөңсөөлөр жайгашкан жана бул аймак 1985-жылы ЮНЕСКОнун  маданият жана жаратылыш жаатындагы Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген

Үчхисар тарыхый Каппадокия аймагында жайгашкан өзгөчө аска тоолордун бири. Рим империясынын учурунда адамдар Үчхисар сепилиниин бооруна үйлөрдү, коргонуучу жана сыйынуучу жайларды оюп, душмандан коргонуу үчүн колдонушкан. Аталган сепил түрктөрдүн Селчук мамлекетинин доорунда, 12-14 кылымда да пайдаланылган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK