“Орел и Решка” программасынын эки теле-берүүсү эфирге чыкты

Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын популяризациялоо боюнча Иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында “Орел и Решка” программасынын эки теле-берүүсү эфирге чыкты.

2021-жылдын июль айында теле-берүүнү тартуу тобу Кыргыз Республикасына барып, анда Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жана туризм секторунун өкүлдөрүнүн жардамы менен эки программа тартылган.

Бул программалар Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата даярдалып, 2021 -жылдын 11-сентябрында “Новый” жана “Пятница” украин телеканалдарында биринчи тасмасы көрсөтүлдү, программа, ошондой эле, YouTube каналында төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: https://m.youtube.com/watch?v=tnNodviGeBQ

Экинчи программа 2021-жылдын 18-сентябрында чыгат жана 19-сентябрдан тартып Youtube каналында да жеткиликтүү болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK