Кыргыз Республикасы Катар Мамлекетинин Доха шаарында өтүп жаткан (3-6-ноябры) Эл аралык “Жибек жолу” көргөзмөсүнө катышып жатат

Кыргыз Республикасы Катар Мамлекетинин Доха шаарында өтүп жаткан (3-6-ноябры) Эл аралык “Жибек жолу” көргөзмөсүнө катышып жатат. Иш-чаранын ачылыш аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлектиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков аталган көргөзмөнүн башкы уюштуруучусу Катар Мамлекетинин Транспорт жана коммуникация министри Жассим бин Ахмед Аль-Сулайтини куттуктады.

Кыргызстандын экспорттук азыктарын Катар Мамлекетине жылдыруу үчүн, Элчилик Катардын “Виллажия” соода борборунда өзүнүн атайын дүкөнүн ачкан “Маңыз” компаниясына жогорудагы көргөзмөсүнө көмөк көрсөттү. Аталган павильондо Кыргыз Республикасынын ар түрдүү бал сорттору жана кургатылган мөмө-жемиштери көрсөтүүлүдө.

Андан тышкары, көргөзмөнүн алкагында Элчиликтин өкүлдөрү кыргыз азыктарын Катарга экспорттоого кызыкдар компаниялар тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK