Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КМШнын Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

2021-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Минск шаарында өтө турган КМШнын Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери жана Тышкы иштер министрликтеринин КМШ форматында өз ара аракеттенүүсү боюнча пикир алмашуу, ошондой эле бир катар документтерди, анын ичинде КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Өкмөт башчыларынын кеңеши кезектеги жыйындарында бекитиле турган документтерди кароо пландаштырылууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK