Кыргызстандын экспедициясы Кабулдагы КР Элчилигинин жардамы менен Чоң жана Кичи афган Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга кезектеги гуманитардык жардам жеткирди

Афганистандагы этникалык кыргыздарга жардам берүү боюнча жылдык мамлекеттик программанын алкагында 2021-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын экспедициясы Кабулдагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жардамы менен Чоң жана Кичи афган Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга кезектеги гуманитардык жардам жеткирди. Өткөрүлгөн негизги продукциянын жалпы көлөмү 95 тоннаны түздү.

Кошумчалай кетсек, гуманитардык акцияны ишке ашыруу учурунда Кыргыз Республикасынын кабыл алуучу өлкөдөгү делегациясы этникалык кыргыздардын Афганистан аймагы аркылуу мындан ары коопсуз жашоосу жана эркин жүрүүсү боюнча макулдашууларга жетишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK