КРнын Женева шаарындагы туруктуу өкүлдүгүнүн пресс-релизи

2020-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы  Туруктуу Өкүлү Д.Мукашев БУУнун Соода-сатык жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн жаӊы Жетекчиси Аднан Рауф Кереши мырза менен жумушчу видеоконференция өткөрдү. Анын жүрүшүндө Кыргызстандын САУ (ФАО) менен кызматташтыгынын актуалдуу темалары талкууланды.

Соода-сатык жана айыл чарба уюмунун COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу Кыргызстанга көрсөткөн жардамына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин линиясына тиешеси бар маселелерге өзгөчө көӊүл бурулду. Соода-сатык жана айыл чарба уюмунун Тоо өнөктөштүгүнүн Катчылыгынын кыргыз тоолук айымдар ассоциациясынын салттуу кыргыз кезедемелерин пайдалануу менен кийимдер коллекциясын иштеп чыгууга жана аны андан ары тышкы рынокко илгерилетүүдө көрсөткөн көмөгүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Аднан Рауф Кереши мырза Соода-сатык жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси катары өлкөгө көмөк көрсөтүүнү улантуу үчүн бүт аракетин жумшарына ишендирди. Ал соода-сатык жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы жаӊы Өкүлү Кыргызстанга жакынкы аралыкта барууну мерчемдеп жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK