Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана кыздар арасындагы III Бүткүл дүйнөлүк шахмат чемпионатына катышып жаткан Кыргыз Республикасынын жалгыз өкүлү менен жолугушушту

АКШнын Черри-Хилл шаарында 2019-жылдын 9-июлунан 14-июлуна чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана кыздар арасындагы III Бүткүл дүйнөлүк шахмат чемпионаты өттү.

12 жаштагы спортчу кыз Кудайназарова Дария Кыргызстан шахматынын тарыхында мындай чоң мелдешке биринчи жолу катышты. Чемпионатка сегиз өлкөдөн 16 спортчу келген.

Кудайназарова Дария бир нече атаандаштарын утуп, жогорку деңгээлди көрсөттү.

Мелдеш учурунда, Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Нью-Йорк шаарындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кудайназарова Дариянын катышуусу менен болгон оюнга катышышып, жаш спортчуга жана Кыргыз Республикасынын Шахмат Федерациясынын өкүлдөрүнө мындан аркы да ийгиликтерди каалап кетишишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK