Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Украинанын, Болгария Республикасынын жана Румыниянын аймагында жашап жаткан кыргыз жарандары менен “ZOOM” онлайн платформасы аркылуу жолугушуу өткөрдү

2020-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Украинанын, Болгария Республикасынын жана Румыниянын аймагында жашап жаткан кыргыз жарандары менен “ZOOM” онлайн платформасы аркылуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Ж.Шарипов эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү жана чет өлкөдө кыргыз маданиятын илгерилетүү боюнча Элчиликтин турмушунда  активдүү катышкан, COVID-19 пандемиясы учурунда оор абалда калган мекендештерине жардам көрсөткөн, ошондой эле гуманитардык жардам көрсөтүү максатында акча каражаттарын топтогон Кыргыз Республикасынын жарандарына ыраазычылык каттарды ыйгарды.

Мындан тышкары, Элчи Ж.Шарипов 2021-жылы Кыргызстан  Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилерин айтып өтүп, Элчиликтин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдады жана жарандарды юбилейлик датаны майрамдоо боюнча ар кандай иш-чараларга катышууга чакырды.

Ошондой эле Элчи Ж.Шарипов жарандарды 2021-жылдын 10-январында боло турган Президенттик шайлоого жана Референдумга активдүү катышууга чакырды.

Онлайн жолугушуунун аягында Элчи Ж.Шарипов жарандардын суроолоруна жооп берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK