Кувейт Эмири Сахаб аль-Ахмад аль-Джабир аль-Сабах Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Кувейт мамлекетинин Эмири Сахаб аль-Ахмад аль-Джабир аль-Сабах Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Сизди Орозо айт майрамыңыз менен куттуктап жатканыма өтө кубанычтамын. Бул майрам мусулман коомчулугуна тынчтыкты, жакшылыкты жана бакубатчылыкты алып келип, коронавирус пандемиясынын жайылышын токтотуп, ошондой эле мусулмандарды жана бардык адамзатын бул илдеттен сакташын Кудайдан тилеймин.

Сизге бекем ден соолук, өлкөңүзгө жана элиңизге мындан ары гүлдөп-өнүгүүнү каалаймын», — деп белгиленет куттуктоодо.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK