КР ТИМ башчысы Грециянын, Ирландиянын ТИМ башчылары жана Испаниянын ТИМнин Мамлекеттик катчысы менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

2019-жылдын 5-декабрында Братислава шаарында ЕККУ ТИМКнын жыйынына катышуунун алкагында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Греция Республикасынын Тышкы иштер министри Николаос Дендиас, Ирландиянын Премьер-министринин Орунбасары, ТИМ башчысы Саймон Карбери Ковени жана Испания Королдугунун Тышкы иштер, Европа Бирлиги жана кызматташтык министрлигинин Мамлекеттик катчысы Фернандо Валенсуэла менен эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү.

Грециянын ТИМ башчысы менен жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү зарылчылыгы белгиленди. 2020-жылы Тышкы саясий мекемелер ортосунда саясий консультацияларды өткөрүү маселеси талкууланды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Европа Бирлиги менен кызматташуу маселелери, анын ичинде, ЕБнын Борбордук Азия боюнча жаңы Стратегиясынын алкагында өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсү каралды.

Ирландиянын Премьер-министринин Орунбасары, ТИМ башчысы менен жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Ирландия Республикасынын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны бекемдөө, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана БУУнун, башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Испания Королдугунун Тышкы иштер, Европа Бирлиги жана кызматташтык министрлигинин Мамлекеттик катчысы менен жолугушууда тараптар өз ара кызыкчылык жараткан маселелердин кенен чөйрөсүн, анын ичинде, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны толтуруу маанилүүлүгү белгиленди.

Тараптар Европа Бирлиги менен Борбордук Азиянын ортосунда 2020-жылы боло турган биргелешкен иш-чараларды талкуулап, өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү жолдорун белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK