Кыргызстандын жана Румыниянын ТИМ башчылары Мюнхенде жолугушту

2020-жылдын 15-февралында Мюнхен шаарында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Румыниянын тышкы иштер министри Богдан Ауреску менен жолугушуусу болду. 

Жолугушууда приоритеттер жана ушул жылда кызматташуунун планы талкууланды. Тараптар эки тараптуу иш чаралардын графигин карап чыгышты, экономикалык блокко жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө маанилүү көңүл бурушту.

Ч.Айдарбеков Румыния делегациясын 2020-жылдын жайында КРда өтө турган ЕБ-БА Биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды. Өз кезегинде, Румыниянын ТИМ башчысы Бухарестке расмий сапар менен келүүгө Ч.Айдарбековду чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK