Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинде күнү-түнү иштөөчү төмөнкү номер боюнча (+992) 887 782 223;ыкчам байланыш номери уюштурулду
Кыргыз-тажик чек арада болгон окуяларга байланыштуу, Тажикстан Республикасынын аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын консулдук-укуктук жардам алуу зарылдыгы келип чыккан учурлары үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинде күнү-түнү иштөөчү ыкчам байланыш номери уюштурулгандыгын маалымдайт. Ыкчам байланыш номери (+992) 887 782 223;
Кыргыз Республикасынын Тажикистан Республикасындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмү: (+992) 411 00 00 52; e-mail: kg@kgembassy.tj;
Ошондой эле консулдук - укуктук багыттагы керектүү маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде ыкчам байланыш номери: +996 551 312 000 күнү-түнү иштеп жаткандыгын билдиребиз.