Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясынан мекенине жөнөтүү тууралуу 2020-жылдын 10- августундагы маалыматы

КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Россиядан жарандарыбызды Мекенине алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык, акыркы жуманын ичинде 2020-жылдын 3- августунан тарта 9-августка чейин РФдан 8 чартердик авиакаттамы менен жана Оренбург жана Самара облустарынан 43 автобус менен 4 181 КРнын жарандарын Мекенибизге кайтаруусу уюштурулду.

Жалпысынан РФнан авиакаттамдар убактылуу токтотулгандан баштап, 2020- жылдын 20-мартынан тартып 10-августуна чейин Россиянын 21 аймактарынан 26 685 мекендештерибиз кайтты. Россиядан 102 авиакаттамдар жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 95 автобус уюштурулган.

Эскерте кетүүчү нерсе, чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүсүн чектөө чаралары Россияда улантылууда. Ушуга байланыштуу, азыркы учурда олуттуу себептери жок Кыргызстандын жарандары Россиянын аймагына киргенге мүмкүнчүлүктөрү жок.

Ошол эле убакытта, Элчилик эсиниздерге сала кетет, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда туруктуу авиакаттамдар ачыла элек жана орус-казак чек арасы да жабык.

Эпидемиологиялык кырдаал татаал болгондугун эске алып, Мекенине тез арада чыгууга зарыл себептери жок жарандарды, мүмкүн болсо, кырдаал турукташмайынча Кыргызстанга кайтуудан баш тартууга Элчилик чакырат.

Бүгүнкү күнгө чейин Элчиликтин жана РФдагы КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүн сайттарында, ошондой эле, социалдык тармактарда (Instagram - predstavitelstvo_migrasii_kr; FaceBook - Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгү) 4 миңден ашык вакансиялар жөнүндө маалымат жайгаштырылган.

Жумуш табуу боюнча жардам керек болсо, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүнө төмөнкү дарек боюнча жарандар кайрылса болот: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү 12а; байлыныш телефондору: +7 (977) 597 37 03; +7 (901) 706 13 56 (WhatsApp); + 7 (901) 761 11 96; +7 (980) 078 03 32; + 495 780 74 12, + 495 780 74 10, + 495 780 74 12; электрондук дарек: predmigration@mail.ru.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK