Саат 22:00гө карата Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде “Кыргыз Республикасынын конституциясы” жөнүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум өткөрүү боюнча маалымат

Бишкек убактысы боюнча саат 22.00гө  карата бүткүл элдик добуш берүүгө келгендердин жалпы саны  3037 КРнын жаранын түздү.

Бишкек убактысы боюнча саат 22.00дө РФдагы Южно-Сахалинск, Владивосток, Якутск, Иркутск, Красноярск, Сургут, Тюмень шаарларындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Канцеляриясынын аймагында түзүлгөн референдумдун 25 участкалары, ошондой эле Япониядагы, Кореядагы, КЭРдеги, Малайзиядагы, Казакстандагы, Түркмөнстандагы, Тажикстандагы, Өзбекстандагы, Пвкистандагы, Индиядагы, Ирандагы, Азербайжандагы, БАЭдеги Элчиликтерде, Гуанчжоу, Новосибирск, Алмата, Екатеринбург,  Дубай шаарларындагы Башкы консулдуктарда иштеп жаткан участкалар иштерин аякташты.
Азыркы учурда, бүткүл элдик добуш берүүнүн 23 участкаларында добуш берүү өтүп жатат. 
Чет өлкөлөрдөгү бардык УШКлардагы референдум мыйзамдардын алкагында жана бардык эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өтүүдө, кандайдыр бир бузууларпо болгон жок.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK