№9001, 9005, 9015, 9016 жана 9017 шайлоо участкаларындагы Референдумда добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин маалыматы

2021-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында саат 08: 00дө №9001, 9005, 9015, 9016 жана 9017 беш шайлоо участкаларында, «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Референдумда (жалпы элдик добуш берүү) добуш берүү башталды.

Саат 15: 00гө карата байкоочулар тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын бузулушу катталган жок.

Россия Федерациясынын аймагында жүргөн, мурда шайлоочулардын тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда көрсөтүлгөн шайлоо участкаларынын биринде добуш бере алышат, алардын иши саат 20: 00гө чейин уланат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK