Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Южно-Сахалинск, Владивосток жана Иркутск шаарларында добуш берүүнүн аяктагандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин маалыматы

Южно-Сахалинск шаарындагы № 9013, Владивостоктогу № 9004 жана Иркутск шаарындагы № 9007 шайлоо участкаларында «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Мыйзамдын долбооруна добуш берүү аяктады.
Россия Федерациясынын айрым эң алыскы аймактарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жалпы элдик добуш берүү аркылуу өз тандоосун билдирүү мүмкүнчүлүгү берилди.
Добуш берүү мыйзамдын талаптарына ылайык жана бардык санитардык эрежелер сакталган шартта өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK