Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Ч.Айдарбеков Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигин өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр Элчини кабыл алды

2020-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Ч.Айдарбеков европа тараптын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэрды кабыл алды.
Э.Ауэр акыркы күндөрдө Кыргыз Республикасында түзүлгөн кырдаалга өзүнүн кооптонгондугун билдирди. 
Европа тарап өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү конституциянын алкагында аракеттенүүгө жана болгон келишпестиктерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырат. Э.Ауэр көз карандысыздыкты алган учурдан тартып Европа Биримдиги  Кыргыз Республикасынын демократиялык жолун жана өнүгүүсүн колдогонун жана ЕБ менен КР ортосунда эки тараптуу кызматташууну күчөтүүнүн алкагында өлкөнүн өнүгүшүн колдой турганын улантарын, ошондой эле долбоорлоо-программалык иштердин алкагында ар тараптуу жардамдарды көрсөтө беришерин белгиледи.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Ч.Айдарбеков өнүгүү, анын ичинде долбоорлоо-программалык иштер маселелеринде Кыргыз Республикасын такай колдогондору үчүн европа тарапка ыраазычылык билдирди.
Азыркы учурда түзүлгөн кырдаалдар укуктук талаада чечилиши үчүн бардык күч-аракеттер колдонулуп жатканын белгиледи. Кырдаалдан тездик менен чыгуу өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн камсыздалышына, ошондой эле инвестициялардын корголушуна көңүл бурууга Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнө мүмкүндүк түзүлөрүнө үмүт артарын билдирди. Ушуга байланыштуу ЕБнын колдоосуна үмүт артары билдирилди.
Тараптар алдыда кайрадан боло турган КРдагы парламенттик шайлоону өткөрүүнүн техникалык колдоо мүмкүндүктөрүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK