Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жалпы жамааты КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин Директорунун орун басары Шакиров Бахтияр Алдаяровичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жана ведомстволук уюмдарынын жамааттары КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Шакиров Бахтияр Алдаяровичтин  мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бахтияр Шакиров Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын системасында өз эмгек ишмердүүлүгүн КР ТИМдин Консулдук кызмат департаментинде баштаган, ошондой эле КР ТИМдин Эл аралык укук департаментинде жана Москва шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде иштеген.

Ал кесиптештеринин эсинде эмгекчил, адамга ар дайым жардам берүүгө даяр жана ак ниет адам катары  калат. Ал кесиптештеринин  арасында урмат-сыйга ээ эле.

Анын жаркын элеси кесиптештеринин эсинде түбөлүк сакталат.

Бактияр Шакировдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Бул оор күндөрү орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK