«Кыргыз тил күнүн» майрамдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан мамлекеттик тилде жазылган эң мыкты эссе боюнча конкурс өткөрүлдү

Ушул жылдын 23 – сентябрында  «Кыргыз тил күнүн» майрамдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан  министрликтин жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилде жазылган эң мыкты эссе боюнча конкурстун жыйынтыгы чыгарылды. 
Конкурстук комиссиянын чечими менен кесипкөй темада эссе жазгандыгы үчүн сыйлангандардын катарын Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилиги, КРнын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги, Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын БУУнун астындагы Туруктуу Өкүлчүлүгү толуктады.
Департаменттердин директорлорунан жана кесиптик бирликтин төрагасынан турган конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын жыйынынын жүрүшүндө, анын катышуучулары тарабынан ушул сыяктуу конкурстарды өткөрүү мамлекеттик тилди андан ары өнүктүрүүнү жана расмий кат алышууда анын ролун күчөтүүнү шарттарын өзгөчө белгилешти. 
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү мамлекеттик тил күнүнө карата 1989-жылдын  23-сентябрында «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамдын кабыл алынганына байланыштуу жыл сайын салттуу түрдө конференцияларды, тегерек столдорду жана конок лекцияларын өткөрүп турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK