Министр Ч.Айдарбеков ЕККУ институттарынын Башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

6-декабрда Братиславада ЕККУ ТИМКнын 26-жыйынына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун ЕККУнун институттарынын Башчылары: ЕККУнун Башкы катчысы Томас Гремингер, ЕККУнун улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку Комиссары Ламберто Заньер жана ММК эркиндиги маселелери боюнча ЕККУнун Өкүлү Арлем Дезир менен өз өзүнчө эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү. 
Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиялык документтерин жүзөгө ашыруунун алкагында приоритеттүү милдеттерди ишке ашырууда ЕККУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтүүнү улантарына Уюмдун институттарынын Башчылары ишендирди. 
Министр тарабынан ЕККУнун КРдагы долбоордук ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылды жана кызматташтыктын келечектүү багыттары белгиленди.
Тараптар ЕККУ ТИМКнын 26-жыйынынын күн тартибинде туруучу пикир билдирүү эркиндигине жана ММК эркиндигине, улуттук азчылыктарга байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK