Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Индиянын тышкы иштер министри С.Джайшанкар менен жолугушуу өткөрдү

2020-жылдын 9-сентябрында ШКУ ТИМКга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Индиянын тышкы иштер министри С.Джайшанкар менен жолугушуу өткөрдү.
Эки мамлекеттин тышкы саясий мекемелеринин башчылары негизги көңүлдү 2019-жылы Индиянын Премьер-министри Н.Моди расмий сапар менен КРда жүргөндө жетишилген комплекстүү келишүүлөрдү ишке ашыруу маселелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн алкагындагы кызматташтыктын келечектүү чөйрөлөрүнө бурду.
Тараптар авиакаттамдарды ачуу, жеңилдетилген кредиттерди алуу жөнүндө макулдашууларды түзүү, медицина жаатында байланыштарды тереңдетүү боюнча маселелерди иштеп чыгууну активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Ошондой эле Covid-19 пандемиясынын улам мекенине кайтууга мүмкүндүктөрү жок эки өлкөнүн жарандарынын кайтууларына көп тараптуу кызматташуу жана өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK