Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Украинанын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси В.Жовтенкону кабыл алды

2020-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Украинанын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси В.Жовтенкону кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Р.Казакбаев Кыргыз Республикасындагы ички саясий кырдаал жана жакында боло турган маанилүү иш-чаралар жөнүндө маалымдады, учурда өлкөдөгү кырдаал туруктуу, болуп жаткан саясий процесстер укуктук талаага кайткандыгын баса белгиледи.  Ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, саясий жана социалдык-экономикалык реформаларды өткөрүүдө тажрыйба менен алмашуу боюнча пикир алмашты.

Тараптар саясий диалогду калыбына келтирүүнүн зарылчылыгы жөнүндө бир пикирге келишти, тактап айтканда кезектеги ТИМдер аралык саясий консультацияларды өткөрүү, ошондой эле биргелешкен жолугушуулардын жана иш-сапарлардын графигин талкуулашты.  

Кыргыз тарабы соода-экономикалык кызматташууну жигердештирүүгө, бул багытта практикалык чараларды ишке ашырууга, өз ара кызыкчылык жараткан жааттарда, мисалы энергетикадагы, тоо-кен өнөр жайындагы конкреттүү долбоорлорду демилгелөөгө өзгөчө басым жасашты. Украинанын Элчиси В.Жовтенко Украинанын Кыргыз Республикасындагы Соода өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүн ачуу боюнча пландары жөнүндө маалымдады.

Тараптар кызматташуу жана көп тараптуу аянтчаларда өз ара колдоо көрсөтүү маселелерин дагы козгошту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK