Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы, Россиялык эркин шайлоо боюнча фондунун кеңешинин төрагасы Василий Волков менен жолугушту

Ушул жылдын 8-январында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы, Россиялык эркин шайлоо боюнча фондунун кеңешинин төрагасы Василий Волков менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Казакбаев КМШнын байкоочулар миссиясына Кыргыз Республикасынын маанилүү иш-чарасына кызыкдарлыгы жана катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал КМШ миссиясынын салт болуп калгандай  эң көп өкүлдөрү эпидемиологиялык кырдаалга карабастан шайлоого байкоо жүргүзүүгө активдүү катышаарын баса белгиледи.
Министр белгилегендей, КМШ Миссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагын кеңири камтуу, Миссиянын мүчөлөрүнүн республиканын дээрлик бардык аймактарында иштөөсү дагы бир жолу кыргыз тараптын эл аралык байкоочулар үчүн ачыктыгын жана өлкөнүн ачык-айкын жана демократиялык шайлоону камсыз кылууга умтулгандыгын айгинелейт.
Ушуга байланыштуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Р.Казакбаев КМШнын байкоочулар миссиясы алдыдагы шайлоо процессине ар тараптуу жана объективдүү баа берет деп ишеним билдирди. Ал Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги КМШнын миссиясына Кыргыз Республикасында болуу мезгилинде бардык маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярбыз деп ишендирди.
Р.Казакбаев таза демократиялык шайлоону өткөрүү үчүн өлкө жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер жөнүндө маалымат берди. Ал белгилегендей, Кыргызстанда бийлик көп улуттуу кыргыз элинин ишенимине таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү менен гана ээ боло алат. Р.Казакбаев кошумчалагандай, Кыргызстандын эли бийликтин бирден-бир булагы жана ким бийликте болоорун жана өлкө кайсы жол менен кетиши керектигин кыргыз эли гана чече алат.
Р.Казакбаев 2005, 2010 жана 2020-жылдардагы окуялар парламенттик шайлоо учурундагы укук бузууларга болгон элдин реакциясынын натыйжасы болгонун белгиледи. Буга байланыштуу шайлоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык ачык жана таза өтүшү керектигин айтты.
КМШ алкагындагы өз ара мамилелер жөнүндө айтып жатып, Министр Кыргыз Республикасы КМШ алкагындагы өз ара пайдалуу жана натыйжалуу кызматташууга кызыкдар экендигин тастыктады.
Өз тарабынан КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Василий Волков Кыргыз Республикасында боло турган президенттик шайлоого жана референдумга болгон даярдыктын жүрүшүнө канааттангандыгын билдирди.
В.Волков Кыргыз Республикасынын инновациялык технологияларды колдонуу менен шайлоо процессинин моделин ишке ашырууда, шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жана добуштарды саноонун ачык-айкындуулук системасын өркүндөтүүдө жетишкендиктерин жогору баалады.
Жолугушуунун аягында тараптар алдыдагы шайлоо жана референдум Кыргызстандын эл аралык аренада имиджин мындан ары да бекемдейт деген ишенимин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK