Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Владивосток шаарындагы Кеңсесинин алдында №9004 Алеутская к. 15”В” дареги боюнча шайлоо участкасы ачылды

2021-жылдын 10-январында боло турган Кыргыз Республикасынын Президентинин кезексиз шайлоо процессине жана Кыргыз Республикасынын референдумдуна катышуу үчүн, Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Владивосток шаарындагы Кеңсесинин алдында №9004 Алеутская к. 15”В” дареги боюнча шайлоо участкасы ачылды.

Ошондой эле, күндө Приморский крайында жашаган Кыргыз Республикасынын Президентинин кезексиз шайлоо процессине жана референдумдуна  катышуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынa маалымат-түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Кеңсе Кыргыз Республикасынын Приморский крайындагы жашаган жарандарынан шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну суранат:

1. https://tizme.gov.kg веб-сайтындагы шайлоочулардын алдын-ала тизмесинен өзүңүздү текшерип алыңыз;

2. Эгерде кандайдыр бир ката же так эместик табылса, анда Кыргыз Республикасынын же Кыргыз Республикасынын Владивосток шаарындагы Кеңсесинин белгиленген формадагы арыз менен кайрылыңыз (форма No1);

Кошумча суроолор болсо КРнын Элчилигинин Владивосток шаарындагы Кеңсесине кайрылса болот. Тел.: 8 924 00 45 818, +7 (423) 27 91 109; consulvl@mail.ru, kgvladivostok@mfa.gov.kg; Владивосток ш., Алеутская к., 15 "В" офис 402.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK