Министр Ч. Айдарбековдун Жаңы жылдык куттуктоосу
Урматтуу достор, мекендештер,
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жамаатынын атынан жана жеке өзүм Сиздерди кирип келе жаткан Жаңы 2020-жыл менен куттуктаймын!
Өтүп бараткан жылда биздин жумушубуздун жакшыруусу үчүн айтылган бардык сунуштарга, сын-пикирлерге, каалоо-тилектерге ыраазычылык билдиремин. Өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн мындан ары дагы бардык күч-аракетибизди жумшай берели.
Ар бир үйдө тынчтык өкүм сүрүп, күлкү жаңырсын! Сиздерге ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жаңы ийгиликтерди каалайм!
Жаңы жылыңыздар менен!
Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков