Билим берүү, илим жана маданият боюнча Ислам уюму (ИСЕСКО) менен келечектүү долбоорлор жана кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн 2019-жылдын 19-ноябрында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 40-сессиясынын аянтчасында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Билим берүү, илим жана маданият боюнча ислам уюмунун (ИСЕСКО) Башкы директору доктор  Салим Аль Малики менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Ч.Айдарбеков доктор Аль Маликини ИСЕСКОнун Башкы директор кызмат ордуна жакында шайланышы менен куттуктады жана ага бул жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады. Уюмдун астында мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү, биримдикти жана тилектештикти бекемдөө жана Ислам дүйнөсүн эл аралык аренада татыктуу көрсөтүү боюнча асыл максаттар тургандыгын баса белгиледи. 

Тараптар ИСЕСКОго мүчө-мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктын олуттуу дарамети жана мүмкүнчүлүктөрү дагы ишке ашырыла электигин белгилешти. Ушуга байланыштуу, келечектүү долбоорлор жана ИСЕСКОнун ишмердүүлүгүнүн багыттарынын бардык спектри боюнча кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.   

Ч.Айдарбеков Кыргызстан ИСЕСКОнун ишмердүүлүгүнө мындан ары активдүү катышаарына жана стратегиялык максаттарды ийгиликтүү чечүү үчүн уюмду реформалоо боюнча күч-аракеттерди колдооруна ишендирди.

Жолугушууга ошондой эле КР Маданият, маалымат, туризм министри А.Жаманкулов катышты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK