Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын биргелешкен иштеринин позитивдүү тажрыйбасы белгиленди

2020-жылдын 2-мартында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча Региондук директору Лилия Бурунчук айым менен жолугушуусу болуп өттү.
Европа Биримдиги – Борбордук Азия 1-Экономикалык Форумуна даярдык көрүү маселелери, ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу долбоорлор боюнча ички өкмөттүк жана коштоочу жол-жоболорду оптималдаштыруу боюнча ведомстволор тарабынан көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.
Тараптар ошондой эле коронавирустун таралышынан улам жаралып жаткан дүйнөлүк көйгөйдү талкуулашты. Өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын коронавирустан коргонуу боюнча дараметин бекемдөө үчүн Дүйнөлүк банк колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги айтылды.
Министр Ч.Айдарбеков кызматташуу орнотулган 1992-жылдан тартып Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын биргелешкен иштеринин позитивдүү тажрыйбасын жана Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банк Тобунун (өнүгүү боюнча өлкөнүн эң ири өнөктөшүнүн бири катары) ортосундагы 2019-2022-каржылоо жылдарына карата Өнөктөштүктүн алкактык программасынын (ӨАП) маанисин белгиледи.
Статистиканы, салыктык администрлөөнү оптималдаштырууга, ошондой эле билим берүүгө жана региондорду өнүктүрүүгө багытталган Дүйнөлүк банктын үч долбоорун ратификациялоону кыргыз тарабынын тездетүүсүнө жардамдашуу суранычы айтылды.

Маалымат үчүн:

Дүйнөлүк банк инвестициялык климатты жакшыртуу, транспорт, айыл чарбасы, энергетика, саламаттык сактоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу жана калкты социалдык коргоо сыяктуу маанилүү секторлорду бекемдөө боюнча реформаларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жардамдарды көрсөтүп келет.
Өнөктөштүктүн алкактык программасы Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банк Тобунун ортосунда өз ара аракеттенүүнүн приоритеттүү багыттарын бөлүп көрсөтөт.
2019-2022-каржы жылдарына карата Дүйнөлүк банк Тобунун долбоорлорунун тизмеси жалпы 320,5 млн. АКШ доллары суммасына аныкталган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK