КР ТИМ менен РФ ТИМ ортосундагы 2020-2021-жылдарга кызматташуу Программасына кол коюлду

Ушул жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, эки тараптуу союздаш мамилелерди бекемдөө үчүн ушул жылы орун алган иш-чаралар менен сапарлардын өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилешти. Ч.Айдарбеков С.Лавровду ага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын Профессору Ардактуу мантиясы ыйгарылышы менен куттуктады жана С.Лавровдун угучуулардын алдында окуган мазмундуу жана кызыктуу лекциясын белгиледи.

Министрлер эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун биргелешкен ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын аныктаган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2020-2021-жылдарга кызматташуу Программасына кол коюшту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK