Элчи Айбек Артыкбаев Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушту

2023-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Артыкбаев Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик Улуу Хуралдын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар Элчи А. Артыкбаевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Учурдан пайдаланып, Гомбожавын Занданшатар Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады жана өлкөнүн өнүгүп-өсүшүнө тилектеш экенин билдирди.

Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулганына 30 жыл толгонун баса белгилеп, ү.ж. июль айында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Монголияга болгон мамлекеттик сапарын жогору баалап, Улан-Батордо Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ачылышын канааттануу менен белгиледи.

Мамлекеттик Улуу Хуралын Төрагасы 2023-жылдын 25-26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган ШКУ Өкмөт башчылар кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Монголиянын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэнин Кыргызстанга иш сапары пландалып жатканын билдирди.

Элчи А.Артыкбаев Монголиядагы парламентаризмдин жана демократиянын ийгиликтүү өнүгүшүн жана анын натыйжасында социалдык-экономикалык өнүгүү тенденциясы байкалып жатканын белгиледи, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т.Шакиевдин Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатарды ал үчүн ыңгайлуу убакта Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакыруусун жеткирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар маданият, туризм, тоо-кен өнөр жайы жаатында кызматташуу, ошондой эле Монголиядан жүн менен кашемир, ал эми Кыргызстандан мөмө-жемиш жеткирүү боюнча пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK