Палестина Президенти Махмуд Аббас Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Палестина Мамлекетинин Президенти Махмуд Аббас Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Палестина Мамлекетинин жана элинин, жеке өзүмдүн атымдан Сизди, боордош элди жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн Ийд Аль Фитр майрамы менен куттуктоо мага зор кубаныч тартуулайт. Биз бардык күчкө ээ Аллахтан Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай, Сиздин элиңизге бакубаттык жана өсүп өнүгүү, биздин жалпы улуттарга туруктуулукка жетишүүнү, коопсуздукту жана аманчылыкты тилейм. Ошондой эле Жараткандан сиздин өлкөңүздү, мусулмандар жамаатын жана жалпы адамзатты коронавирус пандемиясынан сактоону суранабыз», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK