Президент Сооронбай Жээнбеков Беларусь Президенти Александр Лукашенко менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда Беларусь  Президенти Александр Лукашенко менен жолугушту.

Жолугушуу бүгүн, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында өттү.

Мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин  жана көп тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар эки өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдык билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK