Президент Сооронбай Жээнбеков Ливан Президенти Мишель Аунга Бейруттагы жарылуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ливан Республикасынын Президенти Мишель Аунга Бейрут шаарындагы жарылуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Ливандын борбору Бейрут шаарында болуп өткөн кырсыктын кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кыргыз эли каза болгондордун жакындарына кайрат айтат жана алардын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөт. Бардык жабыр тарткандардын тез сакайышын тилейм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK