Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги, кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ардагерлери КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын аймагында кезектеги ишембилик өткөрүштү

Ушул жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги, кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ардагерлери Бишкек шаарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган жалпы шаардык үч айлыктын алкагында КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын аймагында кезектеги ишембилик өткөрүштү.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев КР дипломатиялык кызматынын ардагерлери менен биргеликте КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын имаратынын аймагына ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK