КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин видеоконференцбайланыш форматындагы жыйыны өтөт

КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков 2020-жылдын 12-майында КМШга катышуучу-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин видеоконференцбайланыш форматындагы кезектеги жыйынына катышат.
Тышкы саясий ведомстволордун башчылары Шериктештиктин өлкөлөрүнүн тышкы саясий, аскердик жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүлөрүнүн маселелерин талкуулашат. Тараптар 2021-2030-жылдарга жаштар кызматташтыгы, туризмди жана спортту өнүктүрүү боюнча стратегиялардын долбоорун карап чыгышат. Делегациялардын башчыларынын макулдашуулардын бир канча долбоорлору боюнча, атап айтканда, Шериктештиктин Тармактык университетин уюштуруу жана КМШга катышуучу-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн Бирдиктүү байланышын түзүү боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуусу күтүлүүдө.
Кеңештин жыйынынын катышуучулары ошондой эле бир катар документтердин долбоорлорун жактырышат. Ал долбоорлор 2020-жылдын 29-майында КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйынына киргизилет. Бул жыйынды дагы видеоконференцбайланыш форматында өткөрүү пландалууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK