Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Билим Залы үчүн кыргыз тарап тарабынан берилген китептерди тапшыруу аземи болуп өттү

2020-жылдын 19-ноябрында, Ташкент шаарында Алишер Навои атындагы Улуттук китепканада Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Билим Залы үчүн кыргыз тарап тарабынан берилген китептерди тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчилигинин, ШКУга мүчө мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, Өзбекстандагы ШКУ элдик дипломатия борборунун, Алишер Навои атындагы Улуттук китепкананын өкүлдөрү, студенттер жана Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Элчилик тарабынан берилген китептер кыргыз адабиятынын алтын фондусу экендиги баса белгиленди, алар окурмандарга Кыргызстандын бай мурасын таанып-билүүгө жана өлкө жөнүндө билимдерди байытууга жардам берээри белгиленди.

ШКУга мамлекет-катышуучулардын маданий-гуманитардык кызматташтыгын бекемдөө ишинде тыгыз кызматташтыгы үчүн Өзбекстандагы ШКУнун коомдук дипломатия Борборуна ыраазычылык билдирилди.

Билим залынын өкүлдөрү белекке берилген китептер үчүн ыраазычылык билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK