Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Ибраимов менен Белорус Республикасынын Премьер-министринин орун басары Владимир Кухаревдин жолугушуусу болду

Минск шаарында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Ибраимов менен Белорус Республикасынын Премьер-министринин орун басары Владимир Кухаревдин жолугушуусу болду.

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну жана соода жүгүртүүнү күчөтүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, жакында өтө турган кыргыз-белорус соода-экономикалык өкмөттөр аралык комиссиянын отурумун даярдоо тууралуу пикир алмашышты.

Элчи Э.Султанов кыргыз-белорус соода-экономикалык өкмөттөр аралык Комиссиянын жетекчисин кыргыз тараптын сунушу менен Премьер-министрдин орун басарынын деӊгээлине көтөргөнү үчүн белорус тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Белавиа” авиакомпаниясы менен өз ара түз “Минск-Бишкек-Минск” авиарейсин ачуу маселесин дагы талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK