Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев ТРнын Тышкы иштер министринин орун басары Седат Онал менен жолугушту

2019-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев ТРнын Тышкы иштер министринин орун басары Седат Онал менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР менен ТРнын эки тараптуу кызматашуусунун актуалдуу маселелерин жана Кыргыз-Түрк Соода-экономикалык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-отурумун өткөрүүнү талкуулашты.

Ошону менен бирге КРнын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK