Кыргызстандын жана Түркмөнстандын ТИМ Башчыларынын жолугушуусу болду

2019-жылдын 10-октябрында КМШга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин Кеңешмесинин жыйынына катышуунун алкагында, Ашхабад шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри  Рашид Мередов менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле эки өлкөнүн регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты. 

Жогорку деңгээлде эки тараптуу сапарларды уюштуруу маселелерин, ошондой эле ушул жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында болуп өткөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-түркмөн Өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйынынын жыйынтыктарын талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK