Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчиси Эрмек Ибраимов менен Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Владимир Макейдин жолугушуусу болуп өттү

2021-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчиси Эрмек Ибраимов менен Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Владимир Макейдин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-белорус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү келечеги, анын ичинде кыргыз-белорус өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиянын кезектеги жыйыны, эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультациялар, ошондой эле интеграциялык бирикмелер менен эл аралык аянтчаларда өз ара аракеттерди көрүү тууралуу маселелерди талкуулашты.

Мындан тышкары, COVID-19дун жайылышына каршы күрөшүү боюнча эки өлкөдө жүрүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат алмашышты.

Жолугушуунун аягында, 2021-жылга карата кыргыз-белорус кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча  кадамдар белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK