Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы  Элчиси Эрмек Ибраимов Беларусь Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин авиация боюнча Департаментинин Директору Артем Сикорский менен жолугушуусу болуп өттү

Минск шаарында Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы  Элчиси Эрмек Ибраимов Беларусь Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин авиация боюнча Департаментинин Директору Артем Сикорский менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы авиациялык каттамдар боюнча актуалдуу маселелерди, ошондой эле  мындан аркы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин такуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Элчи Э.Ибраимов эки өлкөнүн ортосунда түз авиа каттамдарды ачууга кыргыз тарабынын кызыкдар экендигин билдирди жана «Avia Traffic Company» авиакомпаниясы тарабынан Бишкек – Минск – Бишкек жана  Ош – Минск – Ош маршруту боюнча үзгүлтүксүз эл аралык аба ташууларды аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын авиациялык бийликтеринин тиешелүү документтерин белорус тарапка тапшырды.

Белорус тарап, өз кезегинде кыргыз тараптын түз авиарейс ачуу боюнча сунушун кубаттап, бул сунушту колдой тургандыгын жана өз кезегинде тиешелүү көмөк көрсөтөөрүн белгиледи.  

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK