Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасынын, Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин, Урал соода-өнөр жай палатасынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен видео-конференц-байланыш аркылуу жолугушуу уюштурулду

Кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 2021-жылдын 22-мартында Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасынын, Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин, Урал соода-өнөр жай палатасынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен видео-конференц-байланыш аркылуу жолугушуу уюштурулду.

Жолугушууда Кыргызстандын соода-өнөр палатасынын вице-президенти Эльмира Батаева, Урал соода-өнөр палатасынын президенти Андрей Беседин, Кыргыз Республикасынын башкы консулу Руслан Бийбосунов жана башкалар сөз сүйлөштү.

Видеоконференциянын жүрүшүндө өз ара сооданы өнүктүрүү жана продукция менен камсыздоо, Екатеринбург шаарында Кыргызстан соода үйүн жана Бишкекте Урал соода үйүн түзүү мүмкүнчүлүктөрүн, мекемелер жана компанияларга бизнес-миссияларына,  эки тарап жактан ѳткѳрүлѳ турган көргөзмө-жарманкелерине катышуу маселелери каралды.  Жеңил өнөр жай тармагынын кызматташуусу, ошондой эле Екатеринбург шаарында өтө турган IX Аймактар ​​аралык кыргыз-россия конференциясынын ишкердик бөлүгүн даярдоо маселелери талкууланды.

Кыргызстан жана Урал соода-өнөр палаталары талкууланган маселелерди андан ары иштеп чыгуу үчүн жооптуу адамдарды аныкташты, Свердлов облусуна кыргыз компанияларынын бизнес миссиясын уюштуруу жана өндүрүүчүлөрдүн жарманкесин жакынкы айларда өткөрүү боюнча алдын-ала макулдашууга жетишишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK