Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун Түрк Кеӊешинин Башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов жетектеген Эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушуусу болуп ɵттү

2021-жылдын 6-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун Түрк Кеӊешинин Башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов жетектеген Эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушуусу болуп ɵттү.

Жолугушуунун журушундɵ Министрдин орун басары А.Мадмаров Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү тарабынан КРнын Президентин мɵɵнɵтүнɵн мурда шайлоону жана референдумду даярдоо боюнча, шайлоо процессин демократиялык принциптердин негизинде, ɵлкɵнүн эл аралык милдеттенмелерине жана улуттук мыйзамдарына ылайык камсыздоо боюнча ɵткɵрүлүп жаткан комплекстүү иш тууралуу маалымдады.

Ушуну менен бирге, Түрк Кеӊешинин Байкоочулар миссиясына Кыргыз Республикасынын чет ɵлкɵлɵрдɵгү мекемелеринде түзүлгɵн шайлоо участкаларында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун талаптарын аткаруу жана жарандардын ден соолугун коргоо боюнча кɵрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеӊири маалымат берилди.

Ошондой эле Министрдин орун басары А.Мадмаров чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан келип жаткан эл аралык байкоочулардын саны жана сапаттык курамы жɵнүндɵ маалымдады.

Түрк Кеӊешинин Башкы катчысынын орун басары М.Азимов ɵз кезегинде Түрк Кеӊешин КРнын Президентин мɵɵнɵтүнɵн мурда шайлоого жана референдумга чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Аталган маанилүү коомдук жана саясий иш-чаралардын ийгиликтүү ɵтүүсүн каалап, шайлоонун жыйынтыктары Кыргызстандын элинин бакубатчылыгына кызмат кылаарына ишеним билдирди.

Мындан тышкары, тараптар Түрк Кеӊешинин алкагындагы кызматташтыктын ɵнүгүүсүнүн келечеги боюнча жана ошондой эле аталган эл аралык уюмдун күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK