КР ТИМ башчысы Азербайжан ТИМ башчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Ушул жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков менен Азербайжан Республикасынын тышкы иштер министри Э.Мамедъяровдун телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү.

    Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жана көп тараптуу форматтардагы кызматташтыктын учурдагы күн тартибин талкуулашты, ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK