Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигиндеги No 9036 шайлоо участкасында Референдумга добуш берүү башталгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин маалыматы
2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигиндеги №9036 шайлоо участкасында Референдумда добуш берүү башталды.
Түркияда дем алыш күндөрү көчөгө чыгуу боюнча чектөө иш-чараларынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында, Түркия Республикасынын компетенттүү мекемелери менен КРнын жарандарынын ушул жылдын 11-апрелинде Референдумга катышуу үчүн алардын сыртка чыгуу мүмкүнчүлүгү макулдашылган.
Шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин ачык болот. Шайлоочулардын тизмесине буга чейин кирген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары участокто добуш бере алышат.